Кечээ, 27-ноябрь күнү Жайыл райондук соту уюштурган “Манас эпосу – кыргыз элинин тарыхы” аталышында иш-чара өткөрүштү.
Иш-чарага райондук соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышты. Жайыл райондук сотунун төрагасы Таалайбек Матенов, “Манас” эпосунун бүгүнкү күндө орду бийик экендигине токтолду.
Ошону менен бирге, Сары-Коо айылынын тургуну манасчы Азамат Серкебаевдин айтуусунда “Манас” эпосунун үзүндүлөр угулду.
Иш-чаранын максаты — улуу “Манас” эпосунун мурасынын бүгүнкү коомдогу ордун талдоо, патриоттук тарбия берүүдө анын аскердик жана руханий маанисин терең ачуу, жаштарды мекенчилдикке, биримдикке жана маданий мурасты урматтоого багытталды.
Иш-чаранын аягында сот кызматкерлери “Манас” эпосун жайылтууга кошкон салымдары үчүн меймандарга ыраазычылык билдирилди.





