Документтин аталышы | Маалымат | Түрү | Категория | Басылып чыккан күнү | Кабыл алган күнү | Башкаруу | ||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика
1) ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей кылып өзүн алып жүрүү; 2) өз кызыкчылыгында пайда көрүүгө жетишүү жана мыйзамсыз байып кетүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө; 3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын позициясын түшүнө билүү; 4) башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү; 5) өзүнө баш ийген адамды укуксуз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо; 6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө; 7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу; 8) үрп-адаттарга жана каада-салттарга сый-урмат менен мамиле кылуу; 9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөө; 10) мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адептик жоопкерчилик тартуу.
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алуу; 2) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу, аларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга умтулуу; 3) Кыргызстандын элинин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен сабырдуу мамиле кылуу, ар түрдүү этностук, социалдык топтордун жана конфессиялардын маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка көмөктөшүү; 4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, жарандарга жана кызмат адамдары менен болгон мамиледе ийкемдүүлүгүн жана ыкластыгын көрсөтүү; 5) кызматтык ыйгарым укуктардын алкактарынан чыкпоо; 6) жеке жана партиялык кызыкчылыктардын коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турушуна жол бербөө; 7) мамлекеттин кадыр-баркын көтөрүүгө аракеттенүү, жетекчиликти жана мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясатты ачык сындабоо; 8) туугандык, жердештик жана урук-урууга таандыгы аркылуу жетекчиликке карата жеке берилгендик көрүнүштөрүнө, кызматтык мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен пайданы жана артыкчылыктарды алуу үчүн умтулууга жол бербөө; 9) кызыкчылыктардын кагылышуусу чөйрөсүндөгү ага белгилүү болгон мыйзамдарды бузуу фактылары жөнүндө жетекчиликке жана тиешелүү органдарга токтоосуз маалымдоо; 10) башка адамдарды коррупциялык укук бузууларды жасоого түртпөө жана шыктандырбоо; 11) кесиптештерге жана жетекчилерге кайрылып, калыс кызматтык чечимди кабыл алууга таасир бере ала турган, өз ара мамилелердин белгиленген тартибин бузган укуксуз суранычтардан кармануу; 12) үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын сунуштоодон же сүрөмөлөөдөн, алардын атынан аракет кылуудан кармануу.
1) адамдын жынысы, курагы, расасы, улуту, тили, жарандыгы, социалдык, мүлктүк же үй-бүлөлүк абалы, саясий же диний ынанымдарынын белгилери боюнча басмырлоочу мүнөздөгү сөз айтуунун же аракеттердин кайсы болбосун түрлөрүнөн; 2) оройлуктан, тоотпогондуктан, кекирейгендиктен, жалган алдын ала ойлорунан эскертүү берүүдөн, туура эмес, жөнү жок айыптоолорду коюудан; 3) коркутуп-үркүтүүдөн, кемсинткен сөздөрдөн же пикирлеринен, кадимкидей баарлашууга тоскоолдук кылган же укукка каршы жүрүм-турумга түрткөн аракеттерден; 4) имараттарда жана бөлмөлөрдө тамеки тартуудан.
Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда же мындай кагылышуунун келип чыгуусу мүмкүн болгондо кызматчы бул жөнүндө жетекчиге маалымдоого милдеттүү. Кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда жетекчи кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарынын артыкчылыктарын жеке максаттарда пайдаланууга жол бербөө максатында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чараларды көрөт.
Көрсөтүлгөн чектөөлөр расмий сыйлыктарга (байгелерге, дипломдорго, грамоталарга ж.б.) жайылтылбайт.
Жетекчи өзүнүн кол алдындагылардын муктаждыктарына көңүл бурууга, алардын өтүнүчтөрүнө жооп берүүгө, жамааттагы иштиктүү абалды колдоого тийиш.
— сыпайы жана кичи пейил болууга; — өзүнүн тартиптүүлүгүн жана уюшкандуулугун көрсөтүүгө; — маселени кароону создуктурууга жол бербөөгө, алардын жеке убактысына сарамжал мамиле жасоого; — кызмат көрсөтүүлөрдү алган тараптардын биринин кызыкчылыктарын көздөбөөгө; — мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадыр-баркын колдоого.
Спорт стилиндеги кийим жумуш шартында алгылыктуу деп эсептелбейт. Чач жасалгасы кызматчынын иштиктүү имиджин баса көрсөтүп, тыкан жана таза болушу керек. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык форма кийимин кийүүгө укугу бар мамлекеттик органдардын кызматчылары (атайын, укук коргоо, ведомстволук) аны форма кийимин кийүүнүн белгиленген эрежелерине ылайык кийишет.
Кызматчы кызматтык маектешүүлөрдү жүргүзүүдө рационалдуулукка, ачыктыкка жана тактыкка умтулууга тийиш.
Ачык чыгып сүйлөөдө кызматчы кайсы мамлекеттик башкаруу же өз алдынча башкаруу органынын атынан чыкса, ошонун позициясына дал келген маалыматты айтууга укуктуу.
— жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык ченемдерди сактоого жана убактылуу барган өлкөнүн жарандары жана чет өлкөлүк жарандар менен кандайдыр бир чыр-чатактарга кийлигишпөөгө; — убактылуу баруу программасында каралган эл аралык иш-чараларга катышууда белгиленген тартипти сактоого; — кызматтык маалыматты жана кызматтык абалды жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга, чет өлкөгө барганга чейин белгиленген тартипте макулдашылбаган милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө болбойт; — убактылуу барган өлкөнүн жеке адамдарынан жана юридикалык жактарынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракет кылуу же аракетсиздик үчүн белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндөгү сый акыларды алууга тыюу салынат.
Этика боюнча комиссия өз ишин ачык-айкындуулук, коллегиялуулук жана ак ниеттүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырат.
Этика боюнча комиссия гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен жамаатта кадыр-баркка жана урмат-сыйга арзыган кызматчылардын ичинен жамааттын жалпы чогулушунда түзүлөт. Комиссиянын төрагасы этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан шайланат. Комиссиянын жеке жана сандык курамы жетекчи тарабынан бекитилет.
1) кызматчынын этика ченемдерин бузгандыгы жөнүндө кайрылууларды жана фактыларды карайт; 2) этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча жамаатка окутуу өткөрөт; 3) коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жоюу боюнча сунуштарды берет; 4) кызматчылар менен этика маселелери боюнча профилактикалык маектешүүлөрдү өткөрөт; 5) өз компетенциясынын алкагында башка маселелерди карайт.
— кызматчыны моралдык жактан уяткарат; — этика ченемдерин сактоонун милдеттүүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берет; — жетекчиге кызматтык иликтөөнү жүргүзүү жөнүндө сунуш киргизет.
Этика боюнча комиссиянын ишинин тартиби мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилген Регламентте аныкталат.
— мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан этика боюнча комиссиялардын иши жөнүндө ар жылдык отчетту сурай алат; — этика боюнча комиссиялардын иши жөнүндө топтолгон маалыматты даярдоого жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүүгө укуктуу; — этика боюнча комиссиялардын ишин уюштуруу маселелеринде методикалык жардам көрсөтөт; — зарыл болгондо этика боюнча комиссиялардын ишиндеги тартип бузуу фактыларын кароого жана аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды жана чараларды иштеп чыгууга укуктуу.
| docx | НПА | 09 октября 2024 | ||||||||
Образец заявления об установлении факта принадлежности документа | образец заявления об установлении факта принадлежности документа | Образцы документов | 11 сентября 2020 | |||||||||
Образец заявления о выдаче копии решения суда | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец заявления о выдаче дела для ознакомления | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец искового заявления о лишении родительских прав | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец заявления об установлении факта смерти | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец заявления об отмене обеспечения иска | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец искового заявления о расторжении брака | Образцы документов | 11 сентября 2020 | ||||||||||
Образец ходатайства | Образцы документов | 11 сентября 2020 |