Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Эл аралык кызматташтык жана гендердик саясат бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй облустук сотунун жана Чүй облусунун райондук сотторунун бөлүм башчылары менен жоолугуп, семинар-кеңешме өткөрүп, Кишинев жана Гаага конвенцияларына ылайык соттук документтерди кантип сапаттуу жана туура тариздөө керектигин айтып беришти.