KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары  жана судьялары  Сот адилеттигинин жогорку мектебинде өткөн тренинге катышышты

08 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби КР жергиликтүү сотторунун төрагаларынын орун басарларына жана судьяларына «Сот практикасын жалпылоо» деген темада тренинг өткөрдү.


Тренингке Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Ирина Горшковская, Жыргал Мурзалиева жана облустук соттун судьялары катышышты.


Эки күндүк тренингте Соттук практиканы жалпылоону уюштуруу аны өткөрүүнү пландаштыруу, иштердин тематикасын жана категориясын аныктоо, статистикалык маалыматтарды чогултуу, КР Жогорку сотунун Пленумунун ченемдик укуктук актыларын жана токтомдорун тандоо жана жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү талданды.


Соттук тажрыйбаны жалпылоону даярдоодо колдонулуучу методика, статистикалык маалыматтарды талдоо, иштин материалдарын изилдөө жана жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча сот практикасын жалпылоону жүргүзүү методикасынын өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулду.


Ошондой эле, Сот практикасын жалпылоодо изилденген материалдарды каттоого алуу (фиксациялоо), жыйынтыктоочу документтердин түрлөрү жана жыйынтыктоочу документти түзүү, жарандык, кылмыш-жаза жана административдик иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча жыйынтыктоочу документти түзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана темага байланыштуу башка маселелер дагы талкууланды.