Жайыл райондук сотунун төрагасы Таалайбек Матенов райондук сотунун судьялары менен бирге Жайыл районунун аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чарада аксакалдар сотторуна мыйзамдарды туура колдонуу боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү . Ошондой эле аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Райондук соттун төрагасы аксакалдар соту менен өз ара кызматташтык натыйжалуу жана керек экенин белгилеп кетти.
Жолугушуунун аягында, аксакалдар сотторунун өкүлдөрү менен мындай жолугушууларды өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн уюштуруп тураарын билдирип, төрага Таалайбек Матенов аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн иштерине ийгилик каалады.





