KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облусунун сотторуна аппарат кызматкерлери талап кылынат

22 января 2026

Чүй облустук сотуна жана Чүй облусунун райондук сотторуна бош кызмат орундарга, жогорку юридикалык билими (бакалавр даражасы) бар каалоочу жаш жигиттер жана кыздар стажировка менен сынаксыз кабыл алынат.


Чүй облустук соту: (0312) 214558 – 2 соттук отурумдун катчысы,  айдоочу (жогорку билим талап кылынбайт).


Административдик сот: (+996 312) 56-31-89 –  судьянын жардамчысы,  соттук отурумдун катчысы.


Аламүдүн райондук соту: 0312-338551 –  архивариус, курьер (жогорку билим талап кылынбайт),  соттук отурумдун катчысы, техникалык кызматкер (жогорку билим талап кылынбайт).


Ысык-Ата райондук соту: (+9963132) 5-09-85 –  судьянын жардамчысы,  соттук отурумдун катчысы,  адис.


Сокулук райондук соту: 03134-5-28-65 –  иш кагаздарын жүргүзүүчү, соттук отурумдун катчысы.


Москва райондук соту: 03131-5-51-10 –  комендант, чарба кызматкери (жогорку билим талап кылынбайт).


Кемин райондук соту: 03135-5-08-88 же 0312-616828 –  соттук отурумдун катчысы,  судьянын жардамчысы,  IT-адис.


Жайыл райондук соту: 03133-3-69-93 –  соттук отурумдун катчысы, адис,  архивариус, курьер (жогорку билим талап кылынбайт).


Судьянын жардамчысы кызматына кошумча 1 жылдык юридикалык стаж талап кылынат.


Талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча соттордун бөлүм башчыларына кайрылуусу керек.