Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери райондук бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлери жана сот приставтары менен өрт коопсуздугу боюнча сабактарды өткөрүштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү өрт коопсуздугунун эрежелери, өрттүн келип чыгуусунун негизги себептери, кандай тобокелдиктер жана кесепеттер болушу мүмкүн экендиги тууралуу айтып беришти.
Сот приставтары ар кандай өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде өрт чыккан учурда аткарылуучу иш-аракеттердин алгоритми эске салынды: адамдарды жана материалдык баалуулуктарды кантип туура эвакуациялоо керектиги айтылды.
Өрткө каршы сабактарды өткөрүү кызматкерлерди өрттүн алдын алуу эрежелерине, өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө жана өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонууга үйрөтөт. Мындай сабактар өрт чыгуу жана анын жайылуу тобокелдиктерин азайтууга, ошондой эле адамдардын коопсуздугун камсыздоого багытталат.





