KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Панфилов райондук сотунда “Манас” угуу декадасы боюнча иш-чара өткөрүлдү

28 ноября 2025

Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун кызматкерлери жана сот приставтары «Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик» уӊгужолун ишке ашыруу боюнча «Манас» угуунун декадасы өткөрүлдү.


Кызматкерлер калктын атуулдук, улуттук ар-намысын ойготуу максатында Манастын жети осуятын айтышты. Иш чара улуттук оюндар жоолук таштамай, чүкө атмай, топ таш менен коштолуп сот приставы Үсөн Турусбеков “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди.


Бул иш-чара сот тутумунда улуттук раханий мурасты даӊазалоо менен бирге, кызматкерлердин моралдык этикалык жана кесиптик өнүгүүсүнө салым кошту.


Иш-чараны райондук соттун судьялары, сот приставтары жана аппарат кызматкерлери уюштуруп жана катышышты.