KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Панфилов райондук сотунда Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өттү

20 февраля 2026

Панфилов райондук сотунун жамааты 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата атайын майрамдык иш чара өткөрдү. Бул саамалыктын негизги максаты — мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, кызматкерлер арасында эне тилге болгон сый-урматты арттыруу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.


Иш чаранын алкагында соттун кызматкерлери кыргыз тилинин байлыгын жана сулуулугун чагылдырган көркөм окууларды тартуулашты. Атап айтканда:


Элнура Мааткеримова (сот отурумунун катчысы);


Дильбара Мыктыбек кызы (комендант);


Дамира Акинова (иш алып баруучу адис);


Алиса Тенирбергенова (сот отурумунун улук катчысы).


Жогоруда аталган кызматкерлер эне тил жөнүндөгү залкар акындардын учкул сөздөрүн жана терең маанилүү ыр саптарын чеберчилик менен окуп беришти.


«Тил — ар бир улуттун баа жеткис байлыгы жана анын мамлекеттүүлүгүнүн тиреги. Биздин мекемеде мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү менен бирге, ушундай маданий иш-чаралар аркылуу тилибиздин өнүгүшүнө салым кошууну маанилүү деп эсептейбиз», — деп белгилешти иш чаранын катышуучулары.


Панфилов райондук сотунун жамааты бардык мекендештерди алдыда келе жаткан Эне тил күнү менен куттуктап, эне тилибиздин түбөлүктүүлүгүн каалайт.