KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Кемин районунда аксакалдар сотторунун ролун жана мыйзамдуулукту чыңдоо маселелери талкууланды

13 июля 2026

Бүгүн, Кемин районунда «Кемин районундагы Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү: көйгөйлөр, мыйзамдуулукту чыңдоо жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү» аталышында маанилүү иш-чара өттү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана райондун кадыр-барктуу аксакалдары катышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө аксакалдар сотторунун укуктук негиздерин бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жергиликтүү аткаруу, укук коргоо органдары менен биргелешкен иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери кызуу талкууланды. Резолюциянын жыйынтыгы боюнча райондо коомдук туруктуулукту жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен маанилүү чечим кабыл алынды.


Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында укуктук мамилелерди жөнгө салууда бийлер менен казылардын, кийинчерээк аксакалдардын ролу өзгөчө болгон. Бул тажрыйба — сот адилеттигинин улуттук формасы, элдик сот институту катары калыптанып, коомдо тынчтыкты, ынтымакты жана адилеттүүлүктү камсыздап келген. Бүгүнкү күндө, 2024-жылдын 19-февралында кабыл алынган «Аксакалдар соттору жөнүндө» жаңы мыйзамдын алкагында бул тарыхый мурас альтернативдүү адилеттик куралы катары жаңы дем менен өнүгүүдө.


Учурда расмий сотторго кайрылгандардын саны өсүп, судьялардын иш жүктөмү көбөйүүдө. Мындай шартта аксакалдар соту жөнөкөй турмуштук чыр-чатактарды элдик ыкма менен, расмий сотко жеткирбей туруп эле чечип бере турган көмөкчү, алдын алуучу жана элдештирүүчү механизм катары зор салым кошо алат. Бул өз кезегинде мамлекеттик чыгымдарды азайтууга шарт түзөт.


Аксакалдар соту — бул жөн гана чечим чыгаруучу орган эмес, элге кеңеш берүү, тартипке чакыруу, жаштарга тарбия жана турмуштук сабак бере алган өзгөчө мектеп. Жыйында бул институттун аброюн көтөрүү үчүн мамлекеттик жана коомдук колдоону күчөтүү, эл арасында ийгиликтүү мисалдарды кеңири жайылтуу зарылчылыгы белгиленди.