KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунда сот тутумунда санариптештирүү маселелерин аткаруу боюнча кеңешме өттү

19 января 2026

Чүй облустук сотунда төраганын жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басары Ирина Горшковская жана төраганын административдик иштер боюнча орун басары Жыргал Мурзалиева Чүй облустук сотунун жарандык жана административдик коллегиясынын судьяларынын жана райондук соттордун төрагаларынын катышуусунда 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Административдик процессуалдык кодекстерине сот өндүрүшүн санариптештирүү маселелери боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду аткаруу боюнча кеңешме өткөрүштү.


Кеңешменин жүрүшүндө жарандык жана административдик иштер боюнча соттук отурумдарды аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуу, видеоконференц байланышын уюштуруунун, ишке катышкан адамдарга кабарлоо эрежелери жана бул ченемдерди киргизүүгө байланыштуу башка укуктук маселелер жана көйгөйлөр талкууланды.