Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын майрамдоонун урматына бир катар кызматкерлер ыраазычылык каттары жана Ардак грамоталар менен сыйланышты
Бүгүн, 2024-жылдын 30-октябрында, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунда кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагында Ысык-Ата районунун ички иштер органдарынын кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.
Соттун төрагасы А.Курманов өз сөзүндө алардын укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоого кошкон салымын белгилеп, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалады.