KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Аламүдүн райондук сотунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өттү

09 апреля 2026

Аламүдүн райондук сотунун имаратында сот тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын ишке ашыруу алкагында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Самат Шералиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери катышты.


Тегерек столдун жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер талкууланды:


Соттук териштирүүгө чейинки өндүрүш учурунда мыйзам бузууларга жол бербөө жана тергөө иштеринин сапатын жогорулатуу.


Сот жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүдө коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.


 Соттук иштерди кароодо жана тергөө амалдарында заманбап технологияларды колдонуу аркылуу ачыктыкты камсыз кылуу жана адамдык факторду азайтуу.


Кылмыш иштерин жана материалдарды сотко өткөрүүдө мөөнөттөрдүн сакталышы жана тараптардын укуктарынын корголушу.


Төрага Самат Шералиев өз сөзүндө сот адилеттигинин ачыктыгын жана калыстыгын камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ал коррупцияга каршы күрөшүү бир гана соттордун эмес, жалпы укук коргоо тутумунун биргелешкен милдети экенин баса белгиледи.


Жыйындын соңунда катышуучулар сот адилеттигине болгон ишенимди арттыруу максатында мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу жана ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүү чечимине келишти.