Сот адилеттигинин жогорку мектебинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү сотторунун кызматкерлери үчүн «АИВ инфекциясы бар адамдардын сот адилеттигине жетүүсү: эл аралык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары», «Чечендик өнөр» темасындагы эки күндүк тренинги өтүүдө.
Тренингке Чүй облустук сотунун судьясы Айнура Сатарова катышып, «ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу маселелерин жана адам укуктарын сот органдарынын ишмердигине киргизүү. ЕАЭА чөлкөмүндөгү судьялардын форумуна катышуу тажрыйбасы» жана «Сот органдарынын ВИЧ жана кургак учук программалары менен мындан аркы кызматташуу маселелери» деген темада лекция окуду.
Тренинг эки күн өтөт катышуучулар, үндүн катаалдыгы, сүйлөө ылдамдыгы, сүйлөө чеберчилиги, келбет, ымдоо, мимика сыяктуу сүйлөө жана вербалдык эмес ыкмаларды практика жүзүндө үйрөнүшөт.
Тренинг соңунда катышуучулар анкеталарды толтуруп, сертификаттарды алышат.