KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

02 октября 2025



Кыргыз Республикасынын сот системасы заманбап санарип чечимдерге кадам таштады. Жарандар үчүн мамлекеттик алымды онлайн төлөө кызматы ишке киргизилди.



Эми сотко барганда кагаз эсеп-дүмүрчөктү сактап жүрүүнүн жана тапшырганы алып келүүнүн зарылдыгы жок. Онлайн төлөмдө система маалыматты автоматтык түрдө текшерип, электрондук эсеп-дүмүрчөк түзөт. Ал эсеп-дүмүрчөктүн юридикалык күчү кадимки кагаз документине толук барабар.



Кантип иштейт?



● Жаран мамлекеттик алымды интернет-банк же мобилдик тиркеме аркылуу төлөйт;

● Электрондук эсеп-дүмүрчөк жана төлөмдүн уникалдуу коду дароо берилет;

● Сотко документ тапшырганда ушул код системага киргизилет;

● Система төлөмдү автоматтык түрдө ырастайт.



Жарандар үчүн артыкчылыктар:



● Банктан кагаз эсеп-дүмүрчөк алуунун кереги жок;

● Убакыт үнөмдөлөт, кезек күтүүлөр азаят;

● Төлөмдүн маалыматы сот системасында дароо катталат;

● Электрондук эсеп-дүмүрчөк кагаз документ менен бирдей күчкө ээ.



Онлайн төлөм — бул ылдамыраак, коопсуз жана алда канча ыңгайлуу кызмат.