Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна барып, соттордун иши менен жакындан таанышты. Жолугушуга Чүй облустук сотунун төраганын кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча орун басары Жамиля Сабитовада катышты.
Иш-чарананын жүрүшүндө төрага Аламүдүн райондук сотунун судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуп, сот тутумунда иштеген кызматкерлердин этикасы жана жарандарга жасаган мамилеси жана жалпы иш алып баруу тартиби жөнүндө да кеңири маектешти.