Чүй облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан өткөрүлгөн “Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагында байгелүү орунга ээ болгон 7-класстын окуучусу Байаман Чериков сыйланды.
Жеңүүчүнү Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев куттуктап, анын чыгармачыл өнөрүн өнүктүрүү үчүн мындан ары дагы сынактарга катышуунун маанилүү экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогоку соту тарабынан берилген белегин тапшырды.
Айта кетсек, Сынакка 14 (он төрт) жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин балдары катышкан.
Чүй облустук сотунун, шаардык жана райондук сот тутумдарынын судья жана аппарат кызматкерлеринин балдары дагы аталган сынакка катышып, сынакка ондон ашык сүрөт көрсөтүлүп.
Жобого ылайык Чүй облустук сотунун сынак комиссиясынын чечими менен Ысык-Ата райондук сотунун кызматкеринин уулу Байаман Чериковдун тарткан сүрөтү эң мыкты деп табылып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн.





