Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Аида Курманалиева майыптар күнүнө арналган иш-чарага катышты
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 3-декабрда белгиленет.
Бул күндү утурлай «Бала кубанычы» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга арналган иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чарада судья Аида Курманалиева катышуучуларга карата жакшы каалоо-тилектерин билдирип, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьяларынын атынан балдарга материалдык жардам тапшырды.