Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын которуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде жергиликтүү соттордун судьялары үчүн семинар өтүүдө.
Семинар эки күнгө созулуп, жарандык иштерди даярдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү, жарандык жана кылмыш иштери боюнча соттук отурумду өткөрүүнүн эрежелерин жана өкүмдүн долбоорун түзүүнү үйрөтүүгө багытталган.
Лектор катары Чүй облустук сотунун судьясы Ирина Воронцова «Соттук териштирүүнүн жалпы шарттарынын түшүнүгү жана алардын тутуму», «Соттук териштирүүнүн даярдоо бөлүгү», «Тараптардын жүйөөлөрү жана айыпталуучунун акыркы сөзү», «Өкүмдүн тартиби» деген темаларда чыгып лекция окуйт.
Окутуу окуу куралдарын колдонуу менен практикалык көнүгүүлөр менен коштолууда.



