Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын, ошондой эле жашы жете электер тарабынан жасалган башка мыйзамга каршы аракеттердин алдын алуу максатында Жайыл райондук сотунун судьялары 6-11-класстардын окуучулары менен жолугушуу-маек уюштурушту.
Мектепте сот тутумунун өкүлдөрү менен жолугушуу Новониколаевка айылындагы №4 орто мектебининде өттү. Окуучуларга «Жашы жете электердин административдик укук бузуулары жана кылмыштары» аталышындагы баарлашуулары жүргүзүлдү.
Өспүрүмдөргө кылмыш жоопкерчилиги канча жаштан башталаары жана кылмыш жасагандыгы үчүн кандай жазалар колдонулаары түшүндүрүлдү. Окуучулар менен болгон сүйлөшүүдө судьялар балдарга кылмыштын курмандыгы болуп калбоо керектигин айтып беришти: мектепте жана мектептен тышкаркы мейкиндикте балдардын өмүрүнүн жана ден- соолугунун коопсуздугу, ошондой эле окуучулардын өздөрү пайдаланган жеке буюмдарынын сакталышы үчүн жоопкерчилиги маселелери көтөрүлдү.





