Сокулук райондук сотунун судьялары аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен жолугушуу уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө аксакалдар сотунун мүчөлөрү соттун имаратына барышып, биринчи инстанциядагы соттун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле соттук отурумдарга катышышты.
Атап айтканда, аксакалдар сотунун мүчөлөрү судьялар Ниязбек Турдалиевдин, Улан Ажиматовдун, Гулмамат уулу Айбектин жана Темирбек Курманбековдун төрагалыгындагы соттук отурумдарга катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара аракеттенүү, калктын укуктук маданиятын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде талаш-тартыштарды чечүүдө аксакалдар сотунун ролу талкууланды. Иш-чарага Кожомкул, Сокулук, Шопоков, Гавриловка, Күн-Туу, Кайназарова, Манас, Төмөнкү Чүй, Жаңы-Жер жана Сары-Өзөн айыл аймактарынын аксакалдар сотунун өкүлдөрү катышты. Аксакалдар сотторунун процесстик аракеттери, талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу үчүн жерлерде чечүү такталгандыгын белгилей кетүү зарыл.
Иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар аксакалдар сотторунун ишиндеги көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди талкуулап, аларды жоюунун жолдорун сунушташты, ошондой эле алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бул органдардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо маселелерин карашты. Судьялар 2024-жылдын 19-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамынын талаптарын түшүндүрүштү.
Сокулук райондук сотунун төрагасы Абдыразак Боромбаев азыркы учурда талаш-тартыштарды чечүүдө аксакалдар сотторунун маанилүү ролун баса белгиледи. Өз сөзүндө ал аксакалдар сотунун статусу шайлануу жана өзүн-өзү башкаруу принциптери менен жарандар тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлгөн коомдук орган катары аныкталарын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамына ылайык, бул соттордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: жарандардын бузулган же талашка түшкөн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, аларды элдештирүү; мыйзамдуулукту чыңдоого, укук тартибин камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга көмөктөшүү; социалдык чыр-чатактарды алардын пайда болуусунун алгачкы этаптарында жөнгө салуу; мыйзамга, моралдык жана адеп-ахлактык нормаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген элдин каада-салттарына жана үрп-адаттарына урмат-сыйды тарбиялоо.
Жолугушуунун аягында Сокулук райондук сотунун төрагасы катышуучуларга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ийгиликтерди каалап, мындан ары да тыгыз байланышта болуу максатында аксакалдар соттору менен жолугушууларды уюштуруп турарын билдирди.





