KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облусунун судьялары сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы жогорку көрсөткүчтөрү үчүн сыйланышты

06 марта 2026

Бүгүн, 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жана иштерди кароонун сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууда өзгөчөлөнгөн судьяларга жана сот тутумунун кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын атынан Алкыш жарыяланды.


Салтанаттуу иш-чаранын алкагында сыйлыктарды Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев тапшырды.


Сыйлоо аземинде Таалайбек Даркимбаев сот адилеттигинин сапаты – бул мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуудагы жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөөдөгү негизги фактор экенин белгиледи. Анын айтымында, 2025-жыл ичинде Чүй облусунун бир катар судьялары иштерди өз убагында карап, жогорку инстанцияларда чечимдердин туруктуулугун сактоо менен кесипкөйлүгүн далилдей алышты.


Төрага сыйлык ээлерине мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалап, алдыдагы жылы дагы мыйзамдуулукту сактоо жана элге ак ниет кызмат кылуу башкы приоритет бойдон кала берээрин кошумчалады.