Бүгүн, 2025-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин жетекчилиги астында Жогорку Соттун Пленуму болуп өттү.
Пленумга Жогорку Соттун судьялары, Аппараттын кызматкерлери, жергиликтүү соттордун судьялары (видеоконференц-байланыш аркылуу) катышышты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Адвокатура кеңеши, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин өкүлдөрү катышышты.
Пленумда судьялар төмөнкү токтомдордун долбоорлорун карашат:
- “Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин соттор тарабынан кароонун өзгөчөлүктөрү”;
- “Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан (жаңыдан) ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды кароонун тартиби”;
- “Көп батирлүү турак жай курулушуна үлүштүк катышуу чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук практика тууралуу”;
- “Балдардын жасаган кылмыштары жөнүндө иштер боюнча”.
Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусутк сотунун төрагасынын орун басарлары Жамиля Сабитова “Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин соттор тарабынан кароонун өзгөчөлүктөрү” темасында жана Жыргал Мурзалиева «Административдик, жарандык жана экономикалык иштер боюнча кайтадан (жаңыдан) ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арыздарды кароонун тартиби» боюнча кошумча баяндама жасашты.
Пленумдун жүрүшүндө токтом долбоорлору талкууланып, алардын мазмунуна байланыштуу сунуштар айтылып, андан соң редакциялык коллегиялар түзүлдү.
Талкуунун жыйынтыгында токтом долбоорлору көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Жыйынтыгында отурумдун катышуучулары мыйзам нормаларын бирдей колдонуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууда негизги мааниге ээ экенин белгилешти.