2025-жылдын 2-июнунда Чүй облусунун Панфилов райондук сотунун демилгеси менен сот тутумунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү жана алардын өз ара аракеттенүүсү боюнча семинар-кеңешме болуп өттү.
Жыйынга Панфилов райондук сотунун төрайымы Гүлмира Саргалдакова, райондун акими Бегмаат Масаидов, Кайыңды шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Замира Рысалдиева, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Сыргак Осмоналиев, Панфилов шаар куруу жана архитектурасынын башчсы Бектурсун Иманкулов, Фрунзе айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Алмасбек Жапралиев жана райондун айыл өкмөт башчылары катышышты.
Жыйындын катышуучулары жер мыйзамдарына байланышкан маселелерди талкуулап, сот тутумунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарын, ошондой эле бир катар сунуштарды, орун алган көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди белгилешти, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте иш алып баруу зарылдыгын эскертишти.
Жыйындын соңунда төрайым Гүлмира Саргалдакова катышуучуларга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалап, тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгиледи.
Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Тилек Оторов