Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасына(Уңгүжол) жарлыгын негизинде түзүлгөн иш-мерчемди ишке ашыруунун алкагында, Чүй облусунун Москва райондук сотунун кызматкерлерине райондогу кыргыз тили жана адабияты мугалими Динара Асанкулова келип, «Манас» эпосундагы улуттук баалуулуктар жана анын жаш муундарды тарбиялоодогу мааниси, кыргыз элинин нечен кылымдарды карыткан карт тарыхынын көркөм жана жандуу чагылышы, педагогикалык улуу дөөлөттөрдүн казынасын, кыргыз улутун улут катары сактап, барктап, муундан муунга ыйык мурас катары берилип келе жаткан кайталангыс педагогикалык феномен катары бааланып келе жаткандыгы жөнүндө кеңири айтып берди. Бул багыттагы иш чара Чүй облусунун ар бир райондук сотторунда өткөрүлөт.





