KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сот тутумунун кызматкерлери Уңгужол жөнүндө видеолекцияга катышты

25 сентября 2025

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Президенттин «Улуттук дух – дүйнөлүк бийиктиктер» Уңгужол жөнүндөгү Жарлыгына арналган иш-чарасы болуп өттү.


Бул иш-чарага Чүй облустук сотунун судьялары жана аппарат  кызматкерлери онлайн катышты.


Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Уңгужолдун патриотизмди калыптандыруу жана өнүгүүгө умтулуу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев баяндама жасап, демилгенин негизги жоболорун жана стратегиялык маанисин түшүндүрштү.


Чүй облусунун райондук жана шаардык сотторунун бардык кызматкерлери лекцияны онлайн режиминде жеринде угушту.