KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты

24 марта 2025

Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында Чүй облустук сотунун кызматкерлери бекитилген аймакта ишембилик өткөрүштү.


Биргелешкен аракеттер менен бөлүнгөн участок тазаланып, кургак бутактар, былтыркы чөптөр жана жалбырактар жыйналды.


Ишембиликтер борбор калаада 17-майга чейин өткөрүлөт жана аларга Чүй облустук соту активдүү катышмакчы.