KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун жамааты "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" долбоорунун алкагында "Манас жана Муктар Ауэзов" тасмасын көрүштү

01 мая 2026

Чүй облустук сотунун аппарат кызматкерлери рухий-агартуу багытындагы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында маданий иш-чарага катышышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту жана маданий байланышты чагылдырган «Манас жана Муктар Ауэзов» даректүү тасмасын көрүп чыгышты.


Бул демилге кызматкерлердин маданий деңгээлин көтөрүү, тарыхый мурастарды аздектөө жана эки элдин орток баалуулуктарын даңазалоо максатын көздөйт.


«Манас жана Муктар Ауэзов» тасмасы дүйнөлүк адабияттын алптарынын бири Муктар Ауэзовдун «Манас» эпосун сактап калуудагы жана аны илимий негизде дүйнөгө таанытуудагы ролун баяндайт. Тасмада «Манас» эпосу куугунтукка алынып жаткан мезгилдеги Муктар Ауэзовдун эрдиги.


Кыргыз жана казак элдеринин тамыры бир экендиги жана рухий жакындыгы.


Улуттук баалуулуктарды кийинки муунга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү.


Чүй облустук сотунун өкүлдөрү, мындай иш-чаралар кызматкерлердин ички дүйнөсүн байытып, жумуштан тышкары маданий эс алууга жана биримдикке өбөлгө түзөрүн белгилешти.


«Бул тасма жөн гана тарых эмес, бул — улуттук намыс жана достуктун бийик үлгүсү. Сот тутумунун кызматкерлери үчүн мындай руханий азык алуу абдан маанилүү.