KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун жана облустун административдик сотунун кызматкерлери Манас угуу декадасына арналган иш чарага катышты

21 ноября 2025

Кечээ, 2025-жылдын 20-ноябрь күнү, Чүй облустук сотунун жана Чүй облусунун администативдик сотунун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө жарлыгынын негизинде түзүлгөн иш-мерчемдин Манас угуу, “Манас” эпосу менен жакындан таанышуу максатында, Кыргыз Улуттук “Манас” театрында өткөн, “Кан Манастын кырк чоро” аттуу китептин салтанаттуу бет ачар аземине катышышты.

Бет ачар аземинде белгилүү манасчылар, акындар, дастанчылар, адабиятчы-окумуштуулар жана маданият ишмерлер  катыштып, “Манас” эпосунун түбөлүктүү мааниси тууралуу ойлорун бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө китеп авторлору жана түзүүчүлөрү менен жолугушуу өтүп, көркөм окуу жана музыкалык номерлер тартууланды.

Катышуучулар чыгармадагы кыргыз элинин тарыхый каарманы Кан Манастын эрдигин жана анын кырк чоросунун баатырдык бейнесин даңазалап, улуттук руханий мурастын жаңы барагын ачты. Кызматкерлер китеп аркылуу кыргыз маданиятынын түпкү баалуулуктарын даңазалоого,   патриоттук сезимин чыңдоого мүнкүнчүлүк алышты.