KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук Административдик сотунун кызматкерлери Тарых музейине барышты

26 ноября 2025

Жакында, Чүй облустук Административдик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу  Аида Джээнбекова жана сот кызматкерлери мамлекеттик Тарых музейине экскурсияга барышты.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук рух – дуйнөлук бийиктиктер” доктринасына(Уңгүжол) жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Экскурсияны тарыхчы Омурбек жетектеп, катышуучуларга адамзат цивилизациясынын өнүгүшү жана Кыргызстандын тарыхы тууралуу кенири маалымат берди. Ал кызматкерлерди жана сотторду элибиздин маданий мурастары, каада-салты, тили, тарыхый аймактары жана музейге коюлган уникалдуу байыркы экспонаттар менен тааныштырды. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өзүлөрүнө кызыктуу суроолорун беришип, Доктрина ишке ашыруунун маанисин жана келечегин, ошондой эле анын улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана коомдун руханий өнүгүүсүндөгү маанисин талкуулап алышты. Экскурсия баардык кызматкерлерге жакшы таасир калтырды жана элибиздин маданияты жана тарыхы тууралуу билимди бекемдөөгө маанилүү салым болуп калды.