Чүй облустук сотунун Аламүдүн районунун сот кызматкерлери Казакстанда, туулган Семен Межуевдин үйүнө барып Улуу Жеңиш күнүнүн 80 жылдыгы менен куттукташты. Ал 1942 жылды Аламүдүн РВК тарабынан согушка чакырылган. 1942-жылдын-1949-жылдын мартына кызмат өтөп,1949-жылдын 16-мартында запаска бошотулган.
1946-жылы КПССтин мүчөсү.1950-жылы Фрунзедеги филиалдын бухгалтери курсун бүтүргөн. Ленин атындагы колхоздо 1965-жылга чейин иштеп,андан кийин 1965-жылдын август айында СМУ-3 Фрунзепромстройго кампачы болуп кабыл алынып, 1967-жылдын тресттин УПТКсына 1985-жылы темир-бетон буюмдары складынын начальниги болуп которулган. Учурда ал 3 баланын атасы,5 небереси,8 чөбөрөсү бар. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу катары медаль жана юбилейлик медалдар. Тылда “Эмгек ардагери» ”Кыргыз Республикасына 25 жыл юбилейлик медалы” жана 1941-1945 жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери катары Ленинское ҮДТда каттоодо турат жана ҮДТнын үй-бүлөлүк дарыгеринде байкалат. Учурда үй-бүлөлүк дарыгер тарабынан үйдө каралып турат, азыркы маалда ардагерлин эч кандай даттануу жок, абалы туруктуу. Сот кызматкерлер өз белектерин тапшырышты.