KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү

12 марта 2025

ЧүйоблусунунСокулукрайондуксотундаКыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата судьяларга жана аппарат кызматкерлерине сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.


Чүй облусундагы Сокулук районунун акими Илияс Ташкулов судьяларды жана соттун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кызматтык милдеттерин ак ниет жана кынтыксыз аткаргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.


«Сот адилеттигинин сапаттуулугу – бул соттун бүткүл жамаатынын биргелешкен иши. Мындан ары да Сокулук райондук сотунун жамааты жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга болгон салымын кошууну улантат деп ишенем», — деп белгиледи Сокулук райондук сотунун төрагасы Абдуразак Боромбаев.


Иш-чарага райондук администрациянын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышышты.


Кесиптештерди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз!