Чүй облусу, 20.03.25. /Чүй баяны/. Чейрек кылым иштеген сот айым. Кыргызстанда сот системасындагы аялдардын ролу жыл сайын өсүп, судьялык кызматта да алардын салымы зор. Бул тармакта көп жылдык тажрыйбага ээ болгон айымдар оздөрүнүн кесипкөйлүгү жана адилеттиги менен айырмаланат. Алардын катарында 25 жылдан ашык убакыттан бери сот системасында иштеп келе жаткан Панфилов райондук сотунун төрайымы Саргалдакова Гүлмира Зарлыковнаны Улустун улуу күнүнүн алдында кепке тарттык.
— Саламатсызбы, Гүлмира Зарлыковна. Нооруз майрамыңыз менен!
— Саламат. Сиздерди да кереметтүү жана байыркы Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бир кыргызстандыктын, анын ичинде Панфилов районунун жашоочуларынын уйлөрүндо дайым тынчтык жана токчулук болсун. Элибизге жаңы күн, жаз ийгиликтерди жана кубанычтарды алып келсин. Ошондой эле сот кызматында иштегендиктен баардык иш-аракеттериңизде адилеттүүлүк жана акыйкаттык болушун тилейм. Аны менен бирге орозо айы менен куттуктайм, орозоңуздар кабыл болсун!
— Бул кесипти тандаганыңызга кандай факторлор таасир этти?
— Менин судьялык кесипти тандаганым, албетте, көптөгөн факторлорго байланыштуу.
Биринчиден, мен ар дайым адилеттүүлүктү, чындыкты жана мыйзамдуулук принциптерин жактайм. Мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо, коомдук адилеттүүлүктү орнотуу — бул мен үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле, менин оюмча, судья болуу адамдын коомго жана мамлекетке кошкон чоң салымы болуп саналат. Эң негизгиси, мен өзүмдү мыйзам алдында тең укуктуу адамдардын ортосунда адилеттүүлүктү орнотууга жана коомду өнүктүрүүгө багытталган ишке арналгандай сезем.
— Жумушта кандайдыр бир принциптерди карманасызбы?
— Ооба, мен өз ишимде бир нече негизги принциптерди карманышым керек деп эсептейм. Биринчиден, мен адилеттүүлүк жана чынчылдык принциптерин дайыма сактайм. Ар бир ишти мыйзамга жана адилеттүүлүккө ылайык карап, бардык тараптарга бирдей жана адилет мамиле жасоого аракет кылам. Экинчиден, мен жеке эмоцияларымдан жана кызыкчылыктарымдан алыс болуп, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн иштейм. Ошондой эле, мен өз ишимде дайыма этика жана моралдык жоопкерчиликти унутпай, мыйзамдын талаптарын так жана туура аткарып, коомдун кызыкчылыктарын коргоого умтулам.
— Соттук иштерде сиз үчүн эмнелер эң кыйын?
— Судьялык жумушта бир нече кыйынчылыктар бар. Биринчиден, ар бир ишке адилеттүү жана терең, түшүнүү менен мамиле кылуу, ошондой эле мыйзамды так колдонуу көп убакытты жана күчтү талап кылат. Мыйзамдагы чакырыктарды, жаңылыктарды жана өзгөрүүлөрдү дайыма эске алуу зарыл. Экинчиден, ар бир чечимдин коомго жана адамдарга кандай таасир этээрин ойлонуу да кыйынчылык туудурат. Себеби, ар бир соттук процесс адамдын жашоосун жана тагдырын өзгөртүшү мүмкүн. Ошондой эле, кээде эмоциялар менен иштөө, тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн кысымына туруштук берүүдө кыйынчылык болушу мүмкүн. Бирок, мен бул бардык кыйынчылыктарды чындыкка жана адилеттүүлүккө карай багытталган иштер катары кабыл алып, бул жумушту абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү деп эсептейм.
— Соңку 5-10 жыл ичинде укуктук жана сот системасы кандай өзгөрдү?
— Соңку 5-10 жылда сот системасы бир топ өзгөрүүгө учурады. Биринчиден, мыйзамдардын жаңы редакциялары кабыл алынып, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча көптөгөн реформалар жасалды. Бул, өз кезегинде, адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн шарттарды түздү. Сот процессинин ачык болушуна жана коомдун сот ишине ишенүүсүн жогорулатууга багытталган бир нече чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, электрондук сот системасынын киргизилиши сот ишинин ыкчамдыгын жана ачыктыгын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берди. Азыркы учурда сот иштерин онлайн режимде жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дагы көптөгөн жакшы өзгөрүүлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле, соттордун квалификациясын жогорулатуу боюнча атайын курстар жана тренингдер өткөрүлүп, аларды даярдоо денгээли көтөрүлдү. Бирок, бул системалар дагы өнүгүү жолунда болуп, кээ бир маселелер боюнча дагы иштерди жакшыртуу керек.
— Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизди ийгилик коштосун!