KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун сот аткаруучулары жана аппаратынын кызматкерлери менен өрт коопсуздугу боюнча сабак өткөрүштү.

11 ноября 2025

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Чүй облустук сотунун аппаратынын кызматкерлери жана сот аткаруучулар үчүн өрт коопсуздугу боюнча сабак өткөрүштү.


Анын алкагында аппараттын кызматкерлери өрт коопсуздугунун негизги талаптарын үйрөнүштү. Чүй облустук сотунун кызматкерлери менен өрт коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрүлдү, анын жүрүшүндө өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрткө каршы режимди белгилөө боюнча иш-чаралар системасына, объекттин режимдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өрт жөнүндө кабарлоо тартибине тиешелүү маселелер каралды.


Өткөрүлгөн сабактын максаты сот кызматкерлеринин маалымдуулугун жогорулатуу жана өрт чыккан учурда туура аракеттерге үйрөтүү болуп саналат.


Кызматкерлер канчалык жакшы билип жана даяр болсо, алар өзгөчө кырдаалга ошончолук тез жана натыйжалуу жооп бере алышат.