Чүй облусунда аймак жетекчилеринин жергиликтүү тургундар менен масштабдуу көчмө жолугушуулары башталды. Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандар менен укуктук жана административдик маселелерди ыкчам чечүү үчүн ачык диалог жүргүзүүдө. Жолугушуулар Кемин районунан башталып, Кемин шаарынын, Орловка шаарынын жана Чоң-Кемин, Кичи-Кемин айыл аймактарынын тургундарын камтыды. Бул демилге мамлекеттик органдардын ачыктык саясатынын алкагында ишке ашырылып, жарандардын сот адилеттигине жана аткаруу бийлигине түздөн-түз жетүүсүн камсыздоого багытталган. Алгачкы көчмө жолугушуулардын жүрүшүндө калктын мыйзамдуулук жана укук тартиби маселелерине болгон кызыгуусу жогору экени белгиленди. Иштин алгачкы үч күнүндө сот системасынын өкүлдөрүнө жарандар ар кандай категориядагы иштер боюнча кайрылышты, жер талаштары жана мүлктү бөлүштүрүү боюнча суроолор болду. Жарандар апелляциялык арыз берүү жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра кароо тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты. «Бул көчмө жолугушуулардын башкы максаты – ар бир тургунду жеринде угуу, аларды облустук борборго келүүгө мажбурлабоо. Биз жер маселелери аймак үчүн эң сезимтал маселелерден болуп кала берерин көрүп жатабыз. Биздин милдет – юридикалык консультация берүү гана эмес, ар бир конкреттүү талашта мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу», — деп белгиледи Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев. Жолугушуулар Кемин району менен эле чектелбейт. Бекитилген графикке ылайык, облус жетекчилигинин көчмө жолугушуулары Чүй облусунун бардык райондорунда өткөрүлөт. Облус тургундарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу иш сапарлардын графигин байкап туруу сунушталат.





