Урматтуу журналисттер!
Эртең, 16-сентябрда саат 10:00дө «Кабар» маалымат агенттигинде «Санариптик сот адилеттиги: Кыргыз Республикасынын сот системасынын жаңы кадамдары» аттуу пресс-конференция өтөт. Сиздерди катышууга жана иш-чараны чагылдырууга чакырабыз. Темалар: 1. Сот жаранга жакын: СМС-билдирүүлөрдү ишке киргизүү; Сот процесстери тууралуу тараптарды мобилдик технологиялар аркылуу билдирүүнүн заманбап ыкмалары. 2. Мамлекеттик алымды онлайн төлөө: тез, ыңгайлуу, ачык-айкын; Жарандар жана уюмдар үчүн мамлекеттик алымды электрондук төлөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. 3. Ачыктык жана ишеним: соттордун ишмердигин тышкы баалоо; Кыргыз Республикасынын сотторунун ишинин сапатын көз карандысыз баалоо системасынын тааныштырылышы. ________ Катышуучулар – сот тутумун санариптештирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү: • Узакбаев Азамат Насырович — Жалал-Абад облустук сотунун судьясы; • Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович — Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары; • Жунушалиева Индира Акимжановна — Сузак райондук сотунун судьясы; • Кенжетаева Нурайым Анарбековна — Сокулук райондук сотунун судьясы.
https://www.youtube.com/live/CBMxne7jX1c