Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев Панфилов районунда курулуп жаткан жаңы сот имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп кайтты. Сапардын негизги максаты — курулуштун сапаты жана анын өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлдөө болду.
Бүгүнкү күндө курулуш объектисинде иштер кызуу темпте жана жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Төрага имараттын ар бир кабатын аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурду.
Имараттын негизги жүк көтөрүүчү конструкциялары — монолиттери куюлуп, .учурда жаңы имараттын 3 кабаты даяр болуп калды. Жумушчулар берген убадаларын аткарып, имаратты өз мөөнөтүндө өткөрүп берүү үчүн талыкпастан эмгектенип жатышат.
Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев белгилегендей: «Заманбап сот имаратынын курулушу — бул биринчи кезекте карапайым жарандар үчүн сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү жана сот кызматкерлерине тиешелүү шарттарды түзүү болуп саналат. Имараттын ар бир бөлмөсү заманбап талаптарга жооп бериши шарт».
Чүй облустук сотунун төрагасы курулуштун сапатын ар дайым көзөмөлгө алып, коопсуздук эрежелерин так сактоо менен ишти ийгиликтүү жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Жаңы имарат ишке кирсе, Панфилов районунун тургундарына соттук кызмат көрсөтүүнүн сапаты дагы бир тепкичке жогорулайт.





