Таалайбек Даркимбаев таанышып чыгуу максатында Чүй облусундагы баардык райондук жана шаардык сотторду кыдырды.
Судьялар менен болгон жолугушууларда төрага иштердин сапаты жана эмгек тартибин сактоо боюнча талкуу өткөрдү.
Төрага ар бир сот кызматкерлерин кызматтык милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана этикалык нормаларды сактоого чакырды.
Ошондой эле Таалайбек Даркимбаев сот кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышып, алардын иш бөлмөлөрүн жана жаңы курулуп жаткан имараттардын ордун карап чыкты, ошондой эле сот приставтары менен баарлашты.
Иш сапар таанышып чыгуу, жеринде соттордун ишин жакшыртуу жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталды.