KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Юрист кесиби эң ардактуу жана маанилүү кесиптердин бири

28 июня 2025

Урматтуу кесиптештер, кызматкерлер, ардактуу ардагерлер!


Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!


Юрист кесиби эң ардактуу жана маанилүү кесиптердин бири.


Сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгү адамдардын тагдыры үчүн чоң жоопкерчилик менен байланышкан жана коомдо адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган.


Бүгүнкү күндө коомдун укуктук жактан корголбогон бир дагы чөйрөсү жок.


Бул күнү бардык юристтерге алардын эмгеги ар дайым бааланып, адилеттик менен мыйзамдуулуктун принциптерине чынчыл болушун, кесипкөйлүгү коомдун жыргалчылыгына кызмат кылышын каалайм.


Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс энергия, бардык ишиңиздерге ийгилик жана алдыга койгон максаттарыңызга жетишиңиздерге тилектешмин. Сиздердин кесиптик жолуңуздар кызыктуу нерселерге, маанилүү жеңиштерге жана жеке бакытка толсун.


Ишиңиздерге ийгилик, ден соолук жана бакубатчылык каалайм!


Урматоо менен                                И.В. Горшковская