KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоо

05 марта 2026

Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери, кадырлуу сот тармагынын ардагерлери!


Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!


Сот бийлиги — бул мамлекеттүүлүктүн тиреги, ал эми соттун адилетүүлүгү — коомдогу туруктуулуктун жана мыйзамдуулуктун башкы кепилдиги.


Сиздердин ар бир кабыл алган чечимиңиздердин артында адамдардын тагдыры, укугу жана мамлекеттин кадыр-баркы турат.


Бул өтө жооптуу жана татаал миссия.


Коомдо «мыйзам баарына бирдей» деген принципти орнотууда сиздердин салымыңыздар чексиз.


Жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө ак менен караны ажыратып, акыйкаттыктын тарабында болуу — бул чоң эркти жана тазалыкты талап кылат. Татаал иштерди кароодо бийик билимге, терең тажрыйбага жана моралдык туруктуулукка таянган эмгегиңиздер сыймыктанууга татыктуу.


Ардактуу кесиптештер жана ардагерлер!


Сиздерге биринчи кезекте чың ден соолук, бекем кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар дайым жүрөгүңүздөрдө адилеттүүлүктүн оту жанып, ишиңиздерди тазалык жана калыстык коштоп жүрсүн. Сиздердин калыс чечимдериңиздер өлкөбүздүн укуктук мамлекет катары өнүгүшүнө жана элдин сотко болгон ишениминин артышына негиз боло берсин.


«Адилеттүү сот — мамлекеттин күзгүсү» демекчи, ошол күзгү ар дайым тунук болсун!


Майрамыңыздар кут болсун!


Ишиңиздерде ийгиликтер көп болсун!


Урматоо менен                                                                        Т.К. Даркимбаев