Чүй облусунда тергөө иштеринин сапатын жакшыртуу максатында тегерек стол өттү. Иш-чараны облустук прокуратура уюштуруп, анда соттор, прокурорлор жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү сотко чейинки өндүрүштөгү көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдорун талкуулашты.
Кечээ, 29-сентябрь 2025-жылы, Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан демилгелеген “Тергөө ишинин сапатын жакшыртуу: соттордун, прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсү” аталышында тегерек стол өттү. Жыйындын максаты тергөө иштеринде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук коргоо жана сот органдарынын кызматташтыгын бекемдөө. Ошондой эле катышуучулар жарандардын укуктарын коргоо багытындагы маселелерди карашты.
Жыйында ошондой эле материалдардын тактыгы, далилдердин негиздүүлүгү жана жаңы мыйзамдар боюнча практикалык сунуштар айтылды. Тергөө иштерин ыкчам жана системалуу жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Мындан сыркары, мындай жолугушуулар маселелерди өз убагында чечүүгө жана натыйжаны камсыз кылууга өбөлгө түзөөрү маалым болду.
Белгилей кетсек, тегерек столго Чүй облустук, райондук жана шаардык соттордун, прокуратура түйүндөрүнүн, ошондой эле Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыйзамдуулукту сактоо жана тергөө ишинин сапатын жогорулатууда аны менен жарандардын укуктарын коргоодо мындай чогулуштар маанилүү экени белгиленди.