KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Жакында Чүй облустук сотунда 2025-жылдын 3-чейреги боюнча жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешме өттү.

17 ноября 2025

Иш-чарага Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, облустук, шаардык, райондук соттордун кылмыш жана жарандык иштери боюнча коллегияларынын төрагалары жана судьялары катышты.


Чүй облустук сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев кеңешменин катышуучуларын күн тартиби менен тааныштырып, толук маалымат берүү үчүн орун басарларына сөз берди.


Кеңешменин жүрүшүндө судьялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер, анын ичинде иштин көбөйүшү талкууланды, ошондой эле мыйзамдарды жана сот өндүрүшүнүн сапатын жакшыртуу маселелер да талкууланды.


Судьяларга материалдарды өз убагында кароону жана аткарууну камсыз кылуу, ошондой эле сот процесстеринде да, кызматтан тышкаркы жашоодо да кесиптик этиканы катуу сактоо боюнча милдеттер коюлду.


Бул милдеттер сот системасына болгон ишенимди жогорулатууга жана мыйзамдуулук, калыстык жана адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылууга багытталды.