KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Медербек Сатыев: Сот тутуму ичинен тазаланышы керек

23 февраля 2026

2026-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы аткарган иштери боюнча кеңейтилген кеңешме болду.

Кеңешменин күн тартибинде алгачкы маселе Чүй облусунда сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты, сот ишин уюштуруунун абалы жана 2025-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча маалымат берилди.

Өткөн жылы Чүй облустук сотунда 2150 иш каралып, алардын ичинен 848 иш даттанылып, күчүндө калганы 73,82% түзгөн.

Төрага Медербек Сатыев өткөн жылы Чүй облусунун сотторунда жалпысынан 42 миңден ашуун иш каралып, орточо алганда чечимдердин күчүндө калуу көрсөткүчү 60–70% тегерегинде болгондугун билдирди.

Чечимдердин күчүндө калуусу боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облустук соту, Токмок шаардык соту менен Жайыл райондук сотунда байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Сокулук райондук соту менен Панфилов райондук сотунда байкалган. Айрым судьялардын чечимдери 90–100% деңгээлде күчүндө калса, эң начар көрсөткүч 25% болуп, бул айрым соттордо чечимдердин сапаты төмөн экенин көрсөттү.

Ошондой эле Төрага бирдиктүү соттук практиканы камсыз кылуу — туруктуу жана системалуу жүргүзүлүүчү процесс болушу керек экендигин айтты. Жылына бир жолу жыйынтык чыгаруу жетишсиз. Сот практикасын талдоо жана жалпылоо иштери кеминде квартал сайын өткөрүлүп, анын жыйынтыктары белгиленген тартипте Жогорку сотко жөнөтүлүп турушу зарыл.

Бул багытта облустук соттордун жоопкерчилиги өзгөчө чоң экендигин эскертти. Алар аймактагы сот практикасын ырааттуу талдап, жалпылап, мыйзамды бирдей колдонуу боюнча багыт берүүчү борбор катары активдүү иш алып барышы керек. Ар бир каралган иш, ар бир өзгөртүлгөн же жокко чыгарылган сот актысы — бул анализге алынуучу материал. Анын негизинде так тыянактар чыгарылып, төмөнкү инстанциядагы сотторго методикалык сунуштар берилиши тийиш.

Чүй облусунун соттору тарабынан берилген маалыматтарга ылайык жалпысынан 35 жалпылоо жүргүзүлгөн.

Бирок, Медербек Сатыев соттук практиканы жалпылоо методикалык сунуштоолордун талаптарына толук ылайык жүргүзүлбөгөндүгүн, бирдиктүү соттук практиканы калыптандыруу жана мыйзам ченемдерин бирдей колдонуу боюнча негиздүү сунуштар берилбегендигин, биринчи инстанциядагы соттук актылардын жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү боюнча материалдык жана процессуалдык укук ченемдеринин бузулушунун себептери жана негиздери көрсөтүлбөгөндүгүн сынга алды.

Өткөн жылы Чүй облусунун биринчи инстанциядагы соттору тарабынан жалпы 1895 кылмыш иши каралган болсо, анын ичинен көп каралган кылмыш иштер ден соолукка жеңил залал келтирүү, ата-эненин балдарды багуудан качуусу, уурдоо, алдамчылык болгон. Ал эми жарандык иштер боюнча 20604 иш каралган болсо, анын ичинен көп каралган бул мүлктү мурастоо укугу боюнча, никени бузуу, карызды өндүрүү болгон.

Административдик иштер боюнча: 797 иш каралып, анын ичинен эң эле көп каралганы жер талаш иштери көп болгон.

Төрага сот практикасын жалпылоо боюнча талкууда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу маселесине дагы токтолду.

Эгерде соттолгон адам мыйзамда белгиленген жазанын минималдуу бөлүгүн иш жүзүндө өтөп бүткөн болсо, жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сотко жолдогон расмий сунуштамасы бар болуп жана мыйзамда түздөн-түз тыюу салуу нормалары жок болсо, соттор мындай өтүнүчтү канааттандыруу презумпциясынын негизинде карап чыгышы керек экендигин белгиледи.

Мындай мамиле жаза аткарууну гумандаштыруу принциптерине шайкеш келет, пенитенциардык мекемелерге түшкөн жүктү азайтат жана соттолгондордун социалдык реинтеграциясына өбөлгө түзөт, анткени калган мөөнөттү алар пробациялык көзөмөлдүн алкагында өтөшөт.

Төрага Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун залдары толук кандуу аудио жана видео жаздыруу системалары менен камсыздалышы жана онлайн сот отурумдарын баштоону тапшырды.

Жыйында Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басарлары өткөн жылдагы аткарылган иштер боюнча маалымат беришти.

Мындан тышкары, Чүй облусуна методикалык жардам көрсөтүү максатында келген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары аталган аймактагы жергиликтүү соттордун өткөн жылы иштерди кароодогу кетирген кемчиликтерди атап өтүштү.

Талкуунун жүрүшүндө Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтердин бири катары иштерди кароонун белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы, ошондой эле сот отурумдарынын протоколдорунун жоктугу жана башка бир катар кемчиликтер белгиленди.

Бул маселе боюнча Төрага Чүй облустук сотунун төрагасына тиешелүү судьяларга карата сунуш киргизүүнү тапшырды.

Ал эми QR-системасы аркылуу келип түшкөн негизги сунуштар жана сын-пикирлер боюнча дагы талкуу жүргүзүлдү. Медербек Сатыев сот отурумдарына келген тараптардан көбүнчө сот залдарынын тардыгы жана жетишсиздиги, сот кызматкерлеринин мамилесин жакшыртуу, судьялар мыйзам чегинде гана иштерди карашы керектиги боюнча сын-пикирлер келгенин маалымдады. Ошол эле учурда Чүй облусунун айрым судьялары мыйзам чегинде, адилеттүү чечимдерди кабыл алып жаткандыгы боюнча пикирлер дагы айтылган.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө иштерди автоматтык бөлүштүрүү, жер тилкелери, оңдоо, курулуш жана жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо, кадрлар, кадр саясаты жана коррупцияга каршы иш-чаралар туурасындагы маселелер каралды.

Төрага өз сөзүндө коррупцияга аралашкан адамдардан сот тутуму тазаланышы керек экендигин айтты.

“Жакында эле Ош облусунун Административдик сотунда болгон жагдай баарыбызга сабак болушу керек . Анда жок адамдарга айлык жаздыруу — бул мамлекеттик бюджетке кол салуу жана кылмыш жоопкерчилигине алып келчү аракет.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-февраль күнү Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринен Чүй облустук сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын сот отурумунун улук катчысы А.Ж. УКМК кызматкерлери тарабынан «Алдамчылык» (мошейничество) беренеси менен кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андыктан, коррупцияга аралашкан адамдардан сот системасы тазаланышы зарыл жана мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек”, — деп катуу эскертти Медербек Сатыев.

Жыйындын соңунда Төрага сот системасында чыныгы адистер, өз жумушун сүйгөн жана патриот кызматкерлер гана иштеши керек экендигин айтты. Айлык аз деп жумуштан кетип жаткан кадрларды кармоо кыйын, бирок мамлекетин сүйгөн чыныгы патриоттор дайыма болушу зарыл экендигин белгиледи.