Кемин райондук сотунун төрагасы Нуржамал Момунжанова, райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата райондогу ардагерлер менен жолугушуп, жардам көрсөтүү менен куттукташты.
Бул тууралуу Чүй облусттук соттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Кемин районундагы ооруктагы эмгекчи 98 жаштагы Ева Марьинаны, Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы Григорий Березиндин жесири 83 жаштагы Жанышбүбү Абдрахманованы, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесири 87 жаштагы Насира Досованы 9- май Жеңиш күнү менен куттукташып, белектерин беришип жардам көрсөтүштү.