KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунун жамааты Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайт

09 мая 2025

 


 


Урматтуу кыргызстандыктар!


Кадырлуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер жана оруктун эмгекчилери!


Сиздерди 9-май -Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.


Улуу жеңиш күнү-эрдиктин жана даңктын, талыкпас эмгектин жана биримдиктин символу болуп кала берет. Ушул салтанаттуу күнү биз  чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз. Ооруктун эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз. Бул биздин ыйык милдетибиз.


Алардын эрдигин унутпай, муундан-муунга татыктуу өткөрүп берүүбүз керек. Келечек муундардын патриоттук сезимдерин өнүктүрүүдө тарбиялык маанисин эске алуубуз зарыл.


Панфиловчулардын, Чолпонбай Түлөбердиевдин, Дайыр Асановдун жана башка эрдик көрсөткөн аталарыбыздын, оорукта эмгектенгендердин талыкпас эмгектери тарых беттеринде алтын тамгалар менен жазылып калды.


Жалпыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы менен дагы бир жолу куттуктайбыз. Эгемендүү мамлекетибиздин асманы ачык, элибиздин биримдиги менен ынтымагы бекем болушуна тилектешпиз.


Сиздерди терең урматтап, куттуктоо жолдогон Чүй облустук сотунун жалпы жамааты