Урматтуу мекендештер!
Сиздерди, Чүй облустук сотунун жалпы жамааты 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайт!
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 32 жыл толду.
Конституция мыйзамдуу талаада элдин биримдигин, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен мамлекеттин бүтүндүгүн, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыздаган негизги курал. Өз өлкөбүздө эркин жашап, эркин ой жүгүртүүбүзгө өбөлгө.
Жергебизде тынчтык болуп, өлкөбүз өнүгө берсин!
Жарандарыбыздын укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыктары ар дайым корголуп, өлкөбүздө мыйзамдуулук өкүм сүрсүн.
Майрамыңыздар менен!