KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланышты

10 марта 2025


Чүй облусунун жергиликтүү сотторунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чаралар болуп өттү.


Иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун өзгөчөлөнгөн кызматкерлери мамлекеттик органдардын төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.


Грамоталарды тапшырып жатып Чүй облустук сотунун төрагасы Керезбек Есекеев, Ысык-Ата райондук сотунун төрагасы Ашырбек Курманов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Эмилбек Ачикеев Фемида кызматкерлерине ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришип, аларга ден соолук жана жаңы бийиктиктерди каалап кетишти.