KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
Телефон: 996 (312) 214-558 г.Бишкек, ул.Юдахина 62
Кайрылуу жиберүү

Жарандар QR-коддор аркылуу соттордун ишин баалай алышат

06 февраля 2026

Чүй облусунун сотторунун имараттарында, ошондой эле соттук отурумдардын залдарынын кире беришинде жарандардын анонимдүү сурамжылоосун жүргүзүү үчүн атайын QR-коддуу стенддер орнотулган. Пикир калтыруу үчүн келүүчү мобилдик телефонунун камерасын QR-кодго багыттап, ачылган шилтеме боюнча сурамжылоо баракчасына өтүшү керек. Анкетада төмөнкүлөрдү баалоого болот:



  • Сот кызматкерлеринин жарандарга болгон мамилеси;

  • Сот процесси өткөрүлгөн тилдин түшүнүктүүлүгү;

  • Процесске катышуучулардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү;

  • Соттун судьясынын соттук териштирүүгө катышуучуларга болгон мамилеси;

  • Сот системасынын ишинин башка аспектилери.


Ошондой эле соттордун ишин жакшыртуу боюнча комментарий жана сунуштарды калтыруу мүмкүнчүлүгү каралган.


Сурамжылоо анонимдүү түрдө жүргүзүлөт жана соттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө пикир билдирүүнүн ыңгайлуу куралы болуп саналат.


Алынган жыйынтыктар сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн колдонулат.