Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен “Манастын руху — улуттук дем жана улуттук нарк” аттуу сүрөт сынагы жарыяланган.
Сынакка 14 (он төрт) жашка чейинки сот тутумунун кызматкерлеринин
балдары катышуусу шартталган.
Сынактын максаты бул Манас эпосунун үчилтигиндеги (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) эл биримдиги, айколдук, адилеттик жана мекенчилдик сыяктуу улуттук баалуулуктарды даңазалоо аркылуу жаш муундардын аң-сезимине улуттук демди жана наркты сиңирүү, алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана руханий тарбиянын чындоо болуп саналат.
Чүй облустук сотунун, шаардык жана райондук сот тутумдарынын судья жана аппарат кызматкерлеринин балдары дагы аталган сынакка катышып, сынакка ондон ашык сүрөт көрсөтүлдү.
Жобого ылайык Чүй облустук сотунун сынак комиссиясынын чечими менен эң мыкты деп табылган сүрөт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлөт. Ал эми калган катышуучу балдар облустук сот тарабынан сыйланат.





