Жаңы жылдын алдында Чүй облустук сотунун кызматкерлери жана сот приставтары Сокулук реабилитациялык борборуна барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.
Коноктор балдарга таттууларды белектерди тапшырып, аларга майрамдык маанай жана чыныгы кубаныч тартуулашты. Балдардын жүзүндөгү кубаныч, жылмаюу жана чыныгы сезимдер майрамдын чыныгы маанисин ачык көрсөттү.
Өз кезегинде борбордун администрациясы жана балдар көрсөтүлгөн камкордук жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындай иш-чаралар коомдогу кайрымдуулукту, адамгерчиликти жана өз ара сыйлашууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Чүй облустук сотунун судьялары жана кызматкерлери бардык балдарга бекем ден соолук, чексиз бакыт жана жаркын келечек каалайт!





